18+
Мекендин асыл инсаны

Бесплатный фрагмент - Мекендин асыл инсаны

Залкардын жылдыздуу элеси

Объем: 138 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

Кадырман да, кайратман карыябыз Кулназар Ташиевге

Кызыл өртүн майдандын кечип келген,

Кыргын эмне экенин сезип келген,

Элибиздин эр жүрөк жоокерисиз

Эрегиште жеңишке жетип келген.


Сиз иштеген бардык жер абат болгон,

Мөрөй утуу сиз үчүн адат болгон.

Усулга бай угуттуу сөздөрүңүз

Уккандарга жатталып сабак болгон.


Камын көрбөй бир гана алкыңыздын,

Камын көрүп калайык-калкыңыздын,

Ала-Тоонун акылман Бакайындай

Артканына күбөбүз баркыңыздын.


Эч жадабай эл жүгүн аркалаштан,

Элге кызмат кылдыңыз чарчабастан.

Демдүү-күчтүү жүрөсүз сексенде да

Денеңизден кудурет таркабастан.


Баш ийбеңиз куракка арыбаңыз,

Баш ийсеңиз, баарыбыз тарынабыз.

Бар болуңуз кайратман, кадыры чоң,

Бак-дөөлөттүү, бакубат карыябыз!


Сооронбай Жусуев,

 Кыргыз эл акыны.


Түбөлүк жары Бахарниса менен. 1985-жыл.

Кулназар — Куршаб кулуну

Элде: «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» деп айтылат. Тарых далай тастыктаган бул чындыкка кантип шек келтирүүгө болсун. Ушул жарканаттай кызыл эт баланын жылдызын Жараткан жарык кылып, бешенесине пенде суктанарлык тагдырды жазган экен. Ырас, ал тагдыр кеме беймарал жиреп бараткан көөшүлгөн көл болуп жаткан эмес эле. Анын ай чарпыган долу толкуну да, буркан-шаркан түшкөн добул, бороондуу кезеңдери да, алоо чулганган апааттуу күндөрү да болгон. Тагдыр ага ушунун баарын баштан кечирип, кандай гана сыноолор болбосун жеңип чыгууну буюрган экен…

Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын көрмөк турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда дүйнө салып кете берет. Анын кайриет кылганы — артында арзып көргөн жети перзентинен үчөөбү: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир жүрөк өйүгөн окунуч — ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-төкмөл, коога-дооругу күчөгөн бейопа кезеңде дүйнө салып бараткан момундун көңүлү кантип жай болмок?

Өктөбүр ынкылабы жеңип, ак падыша тактан кулаганы менен бийлик бир жаңсыл боло элек кез. Ал кезде элет жерине акыйкат, анан маалыматтардын жетип келиши да кыйын, андыктан ар кыл аңыз, имиштер тарап, кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбей элдин башы маң. Бир жагынан бай-манаптардын мал-мүлкүн, жерлерин тартып алып, өздөрүн абакка салып, же алыска айдатат экен дешсе, экинчи жагынан ошо байлык гана эмес, кедей-кембагалдардын да катын-кызы ортолукка өтүп, төшөнчү-орун бир болот имиш деген сыяктуу кеп–келечтин тарашы эл арасын дүүлүктүүрүп турган. Мындай кырдаалда «өрдөк жокто чулдук бий» болуп, жаңы замандын чаламоңол жасоолдору да чыккан. Алар бөрк ал десе, баш алып, бейкүнө бей-бечараларга зордук-зомбулук жасап киришкен.

Ошолордун бири — өз тиричилиги менен алек болуп, күнүн өткөрүп аткан Ташы да эле. Анын атасы тээ Кокон хандыгынын тушунда ордого сарбаздыкка алынып, ички-тышкы душмандарга каршы айгышкан салгылаштарга катышып жүргөн болот. Ошондой каардуу кармаштардын биринде анын каршылашы башын кылыч менен жара чабат. Жаны көзүнө көрүнүп, өлөрүн гана санап калган сарбаз кайып — каскагынан элге таанылган дарыгер-табыптын колуна түшүп калат. Ал жарылган баштын төрт жеринен алтындан кадоо салып, анан терини жамайт. Арийне, мындай операциялар азыркы медицинада гана жасалышы мүмкүн. Ал эми 19- кылымда эле чыккан менен сынганды ордуна келтирүүнү мындай кой-ушундай укмуш операцияны жасоого жетишкен элдик медицинага там бербей, таң калбай коюга мүмкүнбү? Өкүнүчтүүсү — кыл тамырчылык, дарыгерлик, шыпагерлик, кыргыздын зергерлик, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрлөрү тоталитардык системанын учурунда феодализмдин калдыктары сыңары жерилип калгандыгы.

Ток этер жери, ошол жарадар кадимкидей катарга кошулуп, адам болуп кетет. Арийне, кадоо үчүн алтын кеткендигин баягы табып- дарыгерден башка жан билбесе да алпооздор ар кандай ушак-аңыздарды таркатпай коюшпаган го кыязы. Мунун бир жоромолунда алтын жарадардын корунан зарпталгандай күпүр сөздүн да таралып кетиши акыры уулу Ташынын убалына кала жаздаган. Анткени, атадан калган алтынды ал катып жүргөндөй шек саналып, жанагы жалаңтөш жасоолдор ошону ортого алуу максатында абакка олтургузушат. Бул гана эмес, ага ак жеринен башка да айыптар коюлган болушу ыктымал. Тергөөчүлөр ур-токмокко алып, зордук-зомбулук жасоо менен жазалоонун ырайымсыз ыкмаларын колдонушканына эки кабыргасы сынып, колунун чыгып кетиши күбө болот.

Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер төлөдө төрт адам араң батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык өнөрү бар жаран болсо керек — чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, үйлөтө берет. Өпкөнүн тебүүсү менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан соң арылып, аргасыздан Ташы үйүнүн жүзүн, бала-бакырасын көрөт. Дегинкиси, ал киши да жаңыга жан тарткан, жакшылыктан үмүт кылган эстүү-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай эңсеген.

Согуштан кийиңки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.

Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булуң-бурчундагыдай эле Куршаб чөлкөмүн да караңгылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан түшкөн базары менен баки-жокко дайын Өзгөндө гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жаңынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай үлп эте сүңгүп, үмүт отун тутанта берген.

Ал эми мектеп ачылганда карапайым калк тарабынан бул орошон окуя катары кабыл алынган. Адегенде биринчи сыныфка кол арага жарап, тестиер болуп калган уландар менен чыт курсактар да кошула тартылышкан. Алардын арасында сары түгү түшү элек балапандай бытыйган Кулназар да бар эле./ Мындай дегенибиздин себеби, ал кишинин баралына келгенде деле бою 160 см. дан ашкан эмес. / Ушул жерден эске түшкөндө болгон бир окуяны эскере кеткенди эп көрүп турабыз: 1955-жылы Кулназар Ташиев Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланып калат. Аны расмий ишаратка ылайык борбордук бийликтин жетекчиси эмгекчилердин областтык Советинин депутаттары жана актив менен тааныштырып, кандидатурасын сунуш кылууга тийиш болгон. Ошондогу Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Раззаков бул арбактуу кызматка Араван райондун атагын Союзга дүң кылган жана аны эмгек Баатырларынын конушунда айланткан партиялык ишмер Кулназар Ташиевди татыктуу деп эсептеп, анын кандидатурасын сунуш кылып жатабыз деп жарыялайт.

Салт боюнча сунуш кылынган инсан дамайым залда эле олтуруп, кандидатурасы жактырылгандан кийин гана президиум тарапка өткөн эмеспи. Бул сапар да ошол эле каада сакталып, Кулназар алдыңкы катардын четинде олтурган. «Баатырдын атын алыстан ук» дегендей анын мыкты жетекчи экендиги менен кабардар болсо да өзүн тааныбаган көпчүлүк таназар ала бербеген. Жанагы жарыядан соң зал жаңырта кол чапкан эл президиумга эңгезердей бирөө салабаттуу басып чыгат го деп ойлогон окшойт. Анан чыпалактай гана бою бар, гимнасттардай чапчаң жигиттин алдыга атып чыкканын көргөндө айран-таң калгандай зал бир саамга дымый түшөт. Анан трибунадан башы гана көрүнгөндө кайрадан аба жарган кол чабуулар жаңырат…

Арийне, бул жыйында Ташиев областтын экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу, эл чарбасын көтөрүү боюнча алдыда турган милдеттер аны жоюу жолдору жөнүндө өзүнүн ой-пикирин ортого салып, элдин оборун кызытып таштайт. Жыйынга келгендер бул жетекчинин туура тандалгандыгына аябай ынанып, кандидатурасын бир добуштан кубатташат. Ошондогу окуядан саал ызалана түшкөнбү, же жөн эле азилиби ал өз энесине кайрылып: — Ээ жарыктык, апа, ушу мени бөбөк кезимде бешикке бөлөсөңүз керек. Болбосо, менин деле боюм элдикиндей эки метрге жакын өспөйт беле. Азыр минбарга /трибунага/ чыксам, бири көрсө, бири көрбөй калып жатат, — деп калат. Анда энеси: — Кагылайын каралдым, мен жараткандан сага теректей бойду эмес, терең ойду, бак-таалайды сураганмын. Тиги улуу Ленин деле, жетекчибиз Раззаков деле орто бойлуу адамдар турбайбы. Сен деле ошолордой болсоң, боюң эмес, мартабаң көккө жетпейби, — деп жооп кайтарган экен. Дегинкиси Кулназар аганын энеси өтө зээндүү, бары-жокко көзү жеткен киши болгондугун айгинелеген далай мисалдар бар.

Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири — молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!

Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин үч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун көтөргөн бойдон мектебине жөнөшөт. Анда ошо кездин Дүйшөндөрү өздөрүндө жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жаңы замандын жарчыларын — «жылаңач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей көрүшө турган. Алардын канчасы советтик түзүлүштүн активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы өлкөнүн бүт булуң-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон Өзгөн өрөөнү да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады…

Анда элдин карды тоюнуп, үстү бүтөлө элек кез. Эски-ускудан жамап-күрмөп тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски көрпө тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул түндүк уюлдай суук бөлмөдө окуучулар тоңуп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш болушат. Анан нөөмөттөшүп, шөлбүрөп суу болгон чокойлорун, чулгоолорунда кургатып алышат балдар. Ошондой бир учурда мектепти көргөнү республикалык деңгелдеги чоң жетекчи кайып-каскагынан келип калат. Ал «класска» кирсе, мештин түбүндө чулгоо, чокоюн отко кактап бир балакай олтурат.

Башкалары бараандуурак көрүнүп, мунусунун жашы жетелектей сезилсе керек, ал киши аягандай: — Кыштын кыран чилдесинде кыйноо тарттырбай балакайды кийинки жылы эле окууга тартпайсыңарбы? — деп калат. Анда мугалим: — Жок, андай эмес, окуучуларыбыздын кенжеси болгону менен отличнигибиз ушул. Башкаларга бардык жагынан үлгү! — дейт. Тигил жетекчи ыраазы боло Кулназардын далысынан таптап — Азаматсың, уулум! Өлкө ишине жараган, эл ишенчин актаган чыныгы уул бол. Сенден Родина көптү күтөт! — дейт да чөнтөгүнөн пул алып чыгып, бут кийим сатып бергиле деп директорго тапшырат. Муну уккандар сага Кызыр жолукту деп да жоруп жүрүштү.

Бирок бул чындык эле. Аны далилдеген мындай бир факты бар. Ал «Кыргызстан пионери» газетасынын 1934-жылы чыккан сандарынын бирине жарыяланган «Эпкинүү пионер» аталыштагы кабар. Аны толук бойдон келтирели:


«Биздин толук эмес орто мектептин 7-классынын окуучусу Ташиев Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат. Коммунисттик тарбияны өздөштүрүп, сезимдүү тартипти чыңайт. Өзү эпкиндүү деп саналуу менен бирге сабактан «начар» деп баа алган жолдошу Коля Пономаревту сүрөөгө алып, сабактарынан «жакшы» деген баа алууга жетиштирди.

«Көпчүлүк коомдун мүлкүн жолдош Кулназар өз мүлкүндөй сактайт. Көпчүлүк жумуштарына ар дайым активтүү катышат.

Кочкор-Ата сельсоветиндеги толук эмес орто мектеп».

Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат.

Элде: «Болор бала богунан» деп айтылат. Мен бул кабарды Кулназар аганын келечекке сунган визиткасы катары карадым. Көрсө, ошол 30-жылдардын башталышында эле Кыргызстанга кызматы сиңчү кандай кадр дайардалып жаткандыгы жөнүндө коңгуроо кагылган турбайбы. Бирок, али алдыда ал жиреп өтчү турмуштун тунарыктаган айдыңы, чер-токойлуу чытырманы, куш канатын талдырчуу какшаалы жаткан эле да… Ошол дилинде зарде, дымагы арашандай оргуштап турган улан окууда гана эмес, жүрүм-туруму, коомдук иштерге күжүрмөндүү катышуусу менен курбу-курдаштарынын урматтоосуна татып, аларды баштаган эркечке айланган. Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.

Анткени өзү жаңы эле ошол чөйрөдөн өсүп чыгып, жаш муундардын жан-дүйнөсүн, алардын кандай ой-максаттар, мүдөлөр менен жашап жаткандыгын эң жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар өзү да пионер газетасына кат-кабарларды жөнөтүп турган. Айрым терс көрүнүштөрдү ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Чүкөдөй» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, атүгүл айылдаштарынын көбү эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бирөөлөрдү териктиргени менен абалды оңдоону көздөгөндүгү менен баалу болгон.

Дегинкиси, Кулназар ага табигатынан чукугандай сөз тапкан, азил-тамашаны арашандаткан, кыргыздын элдик бай мурастарына каныккан инсан болгон. Кээде түз айтпай каймана маанисинде кыйыткан сөздөрүнүн маанисин аңкоолор түшүнө бербей өздөрү уятка калган учурлары боло турган. Буга бир эле мисалды келтире кетели: ал партиянын Ленин райкомунун биринчи катчысы болуп турган кезде кайсы бир жылы өтө кургакчылык болуп, чөп деген тимеле көздөн учуп калат. Анын бир талын да калтырбай тоют даярдоо керек эле. Мына ушунун баарын түшүндүрүп, ал чарба жетекчилеринин алдына олуттуу милдеттерди коет. Сөзүнүн акырында: — Жолдоштор, тоюттун корун коомдук малга жетиштүү камдап албай эртең… Үч-Коргондон издеп калып жүрбөйлү, — деп эскертет./ Арийне, бул жерде кайсы сөз түшүп калгандыгын жана бул лакап кайсыл окуядан улам чыккандыгын кеп баркын билген, куйма кулак азаматтар бат баамдамак/. Бирок, баягы чарба башчыларынын ичинде алаңгазар, анды-дөндү элес албаган аңкүдүктөр да бар окшойбу. Алардын бири эртеси таңазандан райкомдун имаратына жетип келип, биринчи катчыга атып кирет да: — Аксакал, алты машина даярдап койдум, Үч-Коргондун кайсы чарбасына барайын, — дейт.

Күлкүсүн ичине катып, араң чыдаган катчы бул абалдан кандайча чыгып, алабарман аткаруучуну жолго кантип салгандыгына кепил өтө албайбыз. Кептин баары-ошо оозу күйгөн дардаңкүүнүн бул окуя тууралу башкаларга жайып ийип, дагы бир жыдыгандыгында. Ага жолуккан тең аталар: — А, ортак, баланчауп, энеңизди Үч-Коргондон таптыңызбы, же машинелерди даярдап койдуңузбу? — деп жүрүшүп, аябай жүдөтүп бүтүшкөнүн азырга чейин айтып жүрүшөт…

Ошол 30-жылдары элет жериндеги жетекчилер эмес, борбордун тегерегиндеги райондогулар да чарбаларды ат минип кыдырыша турган. Ал эми комсомолдук кызматкер түгүл, орто звенодогу атка минер ыктуусу, азаматтан мыктуусу деле айылдарды жөө-жаландап аралашчу…

Айрыкча жалгыз чыйыр жолду күрткү уруп, кар боройлогон боорондуу күндөрдө, аптап алсыратып, топурак тозондогон саратанда жол жүрүү азапка эле турган. Бирок, жаңы замандын жалын-деми менен жашап, лениндик идеяларды туу туткан жана өлкөнүн өнүп-өнүгүшүнө өз салымын кошсом деп жан-дили өрөпкүгөн андагы атуулдар бул кыйынчылыктар убактылуу деп терең ишенишкен.

Анткени, ошол жылдары ДнепроГЭС, Комсомольск-на-Амуре, Волга-Дон каналы, Магнитогорск, Турксиб темир жолу сыяктуу улуу курулуштардын даң-шоораты дүң болуп, элибизди эмгектеги эрдиктерге шыктандыруу менен жаркыраган келечектин кенен панорамасын тарткан. Учурдун ушундай гиганттарында советтик жаштар чыныгы патриоттукту көрсөтүп рекорддорду жаратышкан. Ал кезде П. Ангелина, А. Стаханов сыяктуу каармандардын ысымдары граждандык согуштун баатырлары Чапаев, Котовский, Лазо, Буденный, Ворошилов ж. б-лар менен бир катарда айтылып, символго айланган эле. Алардын үлгүсүндө жаш муун тарбияланып, ошол идиалдарды тууроого аракеттенишкен. Ал эми П. Морозов, К. Жакыпов сыяктуу эр- жүрөк жеткинчектердин мисалында кызыл жагоочандардын кыйла мууну тарбияланган. Арийне, ар-бир доор өз деңгээлине жараша идеологиясын жаратып, ага коомдун мүчөлөрүнүн табынуусун көздөйт.

Ал эми кечээ эле кош эзүүнүн астында болуп, караңгылык каптаган улуу империянын булуң-бурчтарындагы калктар үчүн ынкылап шаңкар тоону жарып, жарык чачкан жанар тоо сыяктангандыгы айныксыз чындык!

Андыктан кечээ эле кедей-кембагалды өлсө-кунсуз, сатса-пулсуз санаган бай-манапты мындай кой, башын барандачылык санабаган басмачылардын зордук-зомбулугун башынан кечирген элге Октябрдин тартуулаган азаттыгы, камкордугу алмустактан эңсегенге барабар эле. Ушундан улам Совет бийлигин колдобогон, аны алкабаган жана ага так кызмат кылууну өз насилине насыяттабаган ата-энелер да калбаган. Ал эми мындай үгүт-насыяттын от тутантуучусу, шамдалын көтөрүп жүрүүчүсү дал Кулназарга окшогон баштамалдары болушкан. Жаш муундардын жан дилинде патриоттук сезимди ойготуп, оборун оболотуш үчүн аларды суктандырган жана шыктандырган идеалдарды табыш керек болгон. Бул үчүн бай материалды турмуштун өзү берип жаткан. Башкасын айтпаганда да Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» аттуу белгилүү чыгармасы миллиондорду эрдикке сүрөгөн, эркин кайрактай бүлөгөн урунчу усулу сыяктуу болгон. Дээринен зирек улан учкун алдында жүрүп, рухий дүйнөсүн байытууга, учурдун талабына жараша татыктуу тарбиячы болууга умтулган. Басса-турса анын колунан китеп деген түшчү эмес. Ушундан улам ал Фрунзе менен Ташкент тарапка каттаган тааныштары болсо, китеп алып келүүнү өтүнө турган. Адам умтулса, эмнелерге жетерин, алдыга кандай улуу максат коюп жашоо керектигин туюнтуу менен өзү туу туткан принциптер тууралуу кабардар кылган. Мындай жолугушуулардан соң өспүрүмдөрдө аң-сезим ойгонуп, өлкө ишине жараган жаран болуу жөнүндө ойлор обор кызытпай койбогон…

Дегинкиси, Кулназар өз курбалдаштарынын жан-дүйнөсүн жакшы билүү менен аларды айтканына ынандырып, артынан эрчитүү үчүн жекече үлгү көрсөтүү да керектигин түшүнгөн. Ошондон улам ал мектепте эле жалаң окуунун отличниги болуу менен чектелбестен пионер вожатыйлык милдетти да аткарып, комсомол уюмуна жардам берген, анын тапшырмаларын так аткарган. Анын окуу отличниктеринин республикалык майрамына Куршап ЛЖС райкому жана райОНОсу тарабынан делегат катары жиберилиши да бул сөзүбүздү ырастайт.

Комсомолдун райкомунда бир жыл иштегенден кийин Кулназар билимин өркүндөтүп, бир адистик алууну чечет. Анын бул оюн бюро мүчөлөрү кубатташып, эң жакшы мүнөздөмө менен жолдомо беришет. /Бул жерде Кулназар аганын ашкере тыкандыгын ашкерелеген бир фактыны айта кетүү абзел. Ал 1934-ж. «КП» газетасына жарыяланган кабардан баштап, өмүрүнүн акырына чейин өзүнө тиешелүү болгон документтердин бардыгынын көчүрмөсүн тиркеп жүргөн. Андыктан бул инсандын таржымалына, басып өткөн байсалдуу жолуна кызыккан изилдөөчүлөр ар кыл архивдерди аңтарып убараланбастан андан калган ушул мураска эле кайрылса, каалаган маалыматын табар эле/.

Кыязы айыл жеринде туулуп-өсүп, дыйкан эмгегинин баркын билгендиктен жана анын акыбетин кайтаруу үчүн агротехниканын мааниси канчалык экендигине көзү жеткендиктен ал Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Коммунисттик айыл чарба мектебин тандап алган. Кийин институтка жерпай болгон бул окуу жайында ошол кездеги кыргыздын алгачкы айыл чарба адистери сабак беришкен. Алардан кийин ири илимпоздор өсүп чыккандыгы да белгилүү. Мектеп аталганы менен мында кеңири профилдеги жана жеткилен билими бар адистерди даярдашкан. Тубаса талантынанбы, же турмуштук тажрыйбасынанбы — ошондой мектеп, техникумдарды 30-жылдары аяктагандардын жогорку окуу жайларын бүткөн адистерден кыйла артыкчылык кыларына биз көп эле күбө болгонбуз.

Акыйкатында ошолор эл чарбасынын бардык тармактарында командир болушуп, өлкөнү «буурусундан атомдук куралы бар державага» чейин көтөрүп чыгышпадыбы! Бул революциялык дух жараткан күжүрмөн күрөштүн жемиши жана жеңиши болгон. Ар-бир атуул андан Мекени эмне күтүп жаткандыгын айкын түшүнгөндө жана жоопкерчилигин сезгенде ар-кандай бийиктик алына тургандыгын тарых өзү көрсөттү. Кечээ эле караңгылыктын касабасы каптап жаткан кыргыз жергесинде кооперациялар, коллективдүү чарбалар уюштурулуп анын артыкчылыгына баарынын көзү жете баштады. Ошол учурда «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураандын ташталышы да бекеринен эмес эле. Дал ушул жаатта каатчылык болгондуктан жаштарда жаңы адистерди даярдоого өзгөчө маани берилген. Партия менен өкмөттүн мындай камкордугуна жаштар да татыктуу жооп берүүгө астейдилден умтулушкан.

Буга да Кулназардын окуу жайындагы жетишкен ийгиликтери кубө. Ал элеттен келдим дегендей чочуркабай эле курсташтарынын ичинде бат эле лидерликти ээлеп, комсомол уюмунун жетекчилеринин бирине айланат. Анын демилгеси менен өздүк көркөм чыгармачылык ийрими уюштурулуп, ага өнөргө шыктуу кыз-уландар тартылат. Бул топтун катышуучулары даярдаган оюн-зоокторго курсанттар гана эмес, шаардык көрүүчүлөр да агылып келип, эстетикалык зор канагат алышкан. Алардын аябагандай жактырган номерлери да боло турган. Анын бири Кулназардын аткарган «Андижан полькасы» эле. Музыканын ыргагына шай келип, дене-боюнун сөөгү жоктой ийкемдүү кыймылдашы жана образды ачуу үчүн улам жаңы пластикалык каражаттар тапкандыгы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Сахнада бат перектей чимирилген жигитке каректер кадалып, ал арбап алгандай таасир калтырган. Бий аяктагандан соң бир саамга дымый түшкөн зал ичи анан шатырата кол чаап, аткаруучуну кайра-кайра чакырышкан. Мында Кулназардын искусствосу менен номердин оригиналдуулугу да роль ойнобой койбогон. Албетте, аны атайын сахнага даярдаган балетмейстер деле болгон эмес. Балким ошол 30-жылдары Орто Азия чөлкөмүнө атагы аябай дүң болгон сахна жылдыздары Тамараханум менен Халима Насырованы, Сара Ишантураеваны Ош, же Өзгөн гастролдорунун учурунда көрүп калды бекен деген ой келет. Анан да кыргыз-өзбек калктары кылымдардан бери аймакта аралаш жашап келгендиктен алардын той-тамашасы, оюн-зоогу дамайым бирге өткөрүлгөн. Ушулардын баары Кулназардын сергек сезимине таасир бербей койбогон чыгар…

Кулназар ага өзүнүн «коронный номерин» өмүрүнүн акырына чейин улан кезиндегиндей эле шаасына келтире аткарып, далай үлпөт, кечелердин көркүн чыгарып жүрдү. Анын эл алдына чыгып, эбелектей каалгып жүргөнүн көрүп, анын 70—80 жаш курагында экендигин унутуп койчубуз. Мындай шайдооттукту, өзүн дамайым «формада» кармоону ал башынан өнөкөткө айлантып алган окшобойбу. Анын өмүрлүк жубайы Бахарниса эже мындай деп эскерет:

— «Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт» дегендей байым бар нерсени чегинен чыкпай чен-өлчөмү менен жасай турган. Тамакты да чактап жеп, кийимди да аспиеттеп кие турган. Бир сапар мартабалуу бир инсандын маареке-тоюнда төрдө олтурган бизге өзгөчө сый көрсөтүлүп, аксакал катары анын алдындагы табакка дүрдүйүм тамак-аштан үйө беришти. Ал адатынча насиптен ооз тийип, додолонгон ар-кыл ысылыктын чети оюлбаган бойдон турду. Муну көргөн доктор М. Мамакеев тээ четте олтурган баласын жетелеп келип, — аксакалдын кешигин калтырбай жегин! –деп калды. Мен айттым: — Бу бирөөлөрдүн арткан-үрткөнүн оозуңарга албагыла дейсиңер медиктер. Анан иничекти өзүңүз баштап келип, жегин деп атканыңыз кандай?

— Мындай кишинин кешигин талашып жегендин өзү сооп болот. Ылайым, бул балага да Кулназар аганыкыдай жашты жана башты, ырыс менен бакты, атак менен даңкты буюрса экен деп ырым кылып жатпаймынбы! — дейт белгилүү хирург.

Турмуштук ушул кичинекей эпизоддон эле Кулназар аганы замандаштары кандайча кадырлап-сыйлаганды көрүнүп турбайбы. Анан дагы эже мындайча эскерет: — Балдарыбыз атасын апталап, жумалап көрбөй да калыша турган. Анткени, ал таң үрүн-бараңда үйдөн ишке кетет да тээ түн бир оокумда чаалагып-чарчап келет. Ошол кезде «сталинский занятиялар» бар эле. Жумуштан кийин сабакка катышып, кеч келчу эле. Бул убактарда балдар уктап жаткан болот. Ал эми мен аял катары үйрүлүп түшүп, үстү-башын тазаламакка далбас урам. Ошондо да бутундагы хром өтүгү жалтырап тап-таза болот. Анткени, ал кончуна дамайым баркыт бут сүрткүч салып жүрө турган. Анын бул тыкандыгы студенттик кезинен да, офицерлик кызматынан да адат болуп калса керек…

Ырас, көп эле жарандардын аскердик милдетти өтөп жүргөндөгүсү менен карапайым турмуштагысын, же кечээ чоң болуп жүргөндөгүсү менен андан «шыпырылгандан» кийинкисин көрүп, көңүл иренжий түшкөн учурларыбыз болгон. Ал эми өмүр бою сынын да, сырын да кетирбей Кулназар ага сыяктуу таптагы куш өңдүү жүрүү үчүн бекем эрк эмнени талап кыла алмакчы?

Кыйла жылдары илгери ири илимий чордонубузга орошон окумуштууну жетекчи кылып дайындашты. Анын ачкан жаңылыгына, эмгегине эч кимдин деле коер дооматы жок болгону менен үстү-башына кароону эзели капарына албаган жан экен. Кыязы жубайы да өзүнө жараша шалдакы неме болсо керек, жака-жукасын агартып, шым-көйнөгүн үтүктөп койгонго да жарабайт экен. Адатта илим чордону интеллигенциянын өкүлдөрүнөн турат эмеспи. Өз жетекчисинин кебете-кешпирин жөнөкөйлүктүн белгиси катары санаган кызматкерлер да галстук тагынганды таштап, маданият дегенге маани беришпей калат. Ошону байкаган кыраакы секретарь айым үтүк алып келип, жетекчинин көйнөгүн, шымын тыкыйтат, анан галстук байлайт. Бул күн сайын кайталангандыктан мындай өзгөрүү коллективге бат эле байкалат. Акыры жетекчинин өзү да кызматка кынтыксыз жасанып келүүгө көнүп келет…

Бул мисалды биз бекеринен келтирген жокпуз. Кулназар аганын куштай сын-сыпатын жазбай жүрүшү, тактыгы жана убадага бектиги ар дайым башкаларга өз таасирин тийгизбей койбогон. Ардуулук, намыскөйлүк жана мээнеткечтик андагы табигый касиеттер болгондуктан өмүр бою өз парасатына доо кетирбей беделин бийик сактоого жан үрөгөндүгү бар жашоосунан көрүнөт. Мунун күбөсү катары аталган айыл чарба мектебин кызыл диплом менен аяктагандыгын эле айтууга болот. Ошентип, кечээ эле туулуп-өскөн айылы Алганын буртулдаган чаңын кечип, келечек жөнүндө керемет кыялдарга баткан балакай боз уландыкка жетип, эми айыл чарба адистигин алып олтурат.

Айныксыз, анын бул ийгилиги тууган-туушкандарды гана эмес, бир кездеги кесиптештерин, өзгөчө райондук жетекчилерин өтө кубандырат. Анткени, ошо кезде мындай кадрлар көзгө сүртөргө жок болуп турган эле да. Бирок, аны башка майдан күтүп турган. Анткени, жашы боюнча аскер курагына жетип, баралына келген жигитти аялдатпай эле армияга алышат. Бул 1939-жылдын ноябрь айы. Ошондо СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш жүрүп, ал алдыда болчу чоң алааматтан аян бергенсиген. Граждандык согушта, басмачы бандалары менен айыгышкан салгылашууларда жеңишге жетип, бейпил турмушка өткөн жана өлкөнүн баралынча өсүп-өнүгүүсүнөн баар таба баштаган элде патриоттук сезим күчтүү эле. Бул жаатта тарбиялык иштер да кызуу жүрүп, ар-бир атуул Ата-Мекенге берилгендик духунда от кечкен өткүр болоттой чыныктырылып жаткан эле.

Апасы Гүлкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал үч күн ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы төгүлгөн кең өрөөн, дүгдүрүм бак-шактуу Куршаб жана күзүндө суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын көздөн кечирген жигит, албетте, аеолуу дүйнөсүн калтырып баратканга ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаганы менен өзүнө тагылган жооптуу парзды өтөгөнү бараткандыгы үчүн кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан өтөй тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми өрөпкүткөн, жан дилин өз курагына мүнөздүү романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын үстүнө катарына өтүү оңойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал өзүн эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо үчүн ал эми алдыдагы зор сыноолордон өтүшү керек эле. Бул баягы көнүп калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде өтөт, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт — табышмак эле…

Мына, ал белгиленген саатында кандай команда болсо, аткарууга шайма-шай болуп, аскер комиссариатынын алдындагы пунктка келди. Мында өзүнүн курагындагы жалоондой жаштар чогулуп жатышкан экен. Алар эртеңкисинен бейкапар шатыра-шатман түшүп, көңулдөрү куунак. Алардын бул маанайын огобетер козутуп, шаңдуу музыка аба жарып жаңырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эртең согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чоң эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, жүрүштөрдө жер дүңгүрөтө аткарыша турган. Өлкөнүн экономикалык күч-кубатын чыңдоо, техникалык жактан өнүктүрүү менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых өзү тастыктабадыбы!

Болочок жоокерлерди бир-бири менен таанышып, бака-шака түшүп жатканда аскерге чакырылгандарды каттоодон өткөргөнү команда берилди. Жигиттердин биринин да бул тандоодон калгысы келбей фамилиясынын аталышын чыдамсыздык менен күтөт. Жүрөгү алеп-жалеп болуп турганда: «Ташиев Кулназар!» деген өктөм үн угулду. Аскердик тартиптен да сабак алган Кулназар: «Мен» деп, турган жеринен бир кадам алга басты. Комиссар ага бир тигиле карады да «Жарайсың» дегендей башын ийкеп, кийинки жолдоштун ысымын атады…

Каттоо аяктагандан кийин чакырылгандар катарга тизилип, комиссардын баштоосу менен шаардын четиндеги темир жол станциясын көздөй бет алышты. Котолоп турган узатуучулар кол булгашып, айрымдары көз жашын чуурутуп, уулдарга ак-жол, амандык тилөө менен батасын берип кала берди. Бул 1939-жылдын күрдөөлдүү күзү аяктап калган ноябрь айы эле. Күндүн табы кайтып, жалбырактар күбүлүп түшүп, эртели-кеч чыкыроон болуп калган. Атүгүл кара жамгыр кээде карга айланып, тээ алыстагы аска-тоолор ак олпок жамынышкан. Тууган жердин ушул керемет кезин көздөн кечирип келаткан азаматтар: «Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга!» дегендей уйгу-туйгу ойлор менен алек эле.

Акыйкатында да аларды ар кандай тагдыр күтүп турбады беле. Башкасын айтпаганда да бул сапар Кулназар үчүн алты жылдан ашык мөөнөткө созуларын ал билген да эмес, уктаса түшүнө да кирбеген. Балким Совет-Фин согушу саал мурдарак башталганда ал батыш жакка кетет беле — азыр алар түшкөн товарняк Чыгышты көздөй бет алып баратты. Баягы карта аркылуу гана аттарын билчу Новосибирск, Барнаул, Иркутск деген шаарларды, Байкал көлүн, Сибирь тайгасын эми өз көзү менен көрүп, карагайлары көк тиреген калың токойлорго ажайыптана карады. Ырасында эле бекеринен: «Широка страна моя родная» деп ырдалып жүрбөгөн экен. Мына, кез-кезде гана жүргүнчү поездерге жол берип, кошумча аялдамаларга чыга калганы болбосо, аскерге чакырылгандарды тартып бараткан товарняк үч аптадан бери эле «жан үрөп» жаткансыйт. Антсе да узун жолдун учуна качан чыгаары белгисиздей. Бирок, Ата-Мекендин ыйык жүгүн аркалаган жаштардын ындыны өчпөй кандай кыйынчылык болсо да көтөрүүгө кайыл сыяктанат. Анустүндө алардын духун чөктүрбөө үчүн ошо ташпиштүү жолдо тарбиялык иштерди жүргүзчү активисттер да дайындалган эле. Алардын бири Кулназар болчу. Ал ошол опуртал кезеңдеги дүйнөлүк ал-абалды түшүндүрүп, элибиздин, айрыкча өлкөнү коргоо вазиапасы жүктөлгөн жалын жүрөк жаштардын алдында кандай милдеттер тургандыгын жеткиликтүү баяндачу. Анын «лекцияларынан» соң ар-кандай суроолор жаап, аларга ынандырарлык жооп тапканга Кулназар аракеттенчү.

Ал эми 22 күндөн кийин эшалон Ыраака Чыгыштагы Комсомольск шаарына келип жетет. Ошол тушта мамлекетибиз өзүнүн батыштагы гана чектерин бекемдебестен, чыгыш жагын да чыңдоо боюнча ири чараларды көрүп жаткан экен. Анткени, фашисттик Германиянын Италия, Япония сыяктуу өз өнөктөштөрү менен дүйнө картасын жаңыча түзүү боюнча арам ойлорун ишке ашыруу максатында тымызын макулдашууларды жүргүзүп жаткандыгы тууралу чалгындык маалыматтар Рихард Зорге сыяктуу чалгынчылардан белгилүү болгон. Мындай карасанатайлык басып алуулардын башкы багыты акыры Советтер Союзуна бурулары күмөн санатпаган. Анткени, бул улуу державанын социалисттик системадагы бирден-бир өлкө болуп, жер шарындагы адамзат үчүн ал эңсеген азаттык менен эркиндиктин символу катары саналышы капиталисттик дүйнөдөгү төбөлдөрдү, баарыдан мурда шовинисттик дөөгүрсүүсу ашынып, арий кандуулардын артыкчылыгын жардаган Гитлердин канын кайнаткан. Өзүнүн куралдуу күчтөрүн СССРдин чек арасына такай жайгаштыруу максатында реваншизм менен агрессиянин уусу делбеленткен фашисттер 1939-ж. I-сентябринде Польшага кол салып, аны бат эле басып алган.

Мындан соң Бельгия, Дания, Норвегия, Нидерланд, Люксембург сыяктуу мамлекеттер гитлерчилердин ойрон салуусуна кабылып, таманы астында калып жатты. Мунун баары Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынан аян бербей койгон эмес. Ошол эле учурда япондук милитаристтер Азиянын чыгышындагы өлкөлөргө коркунуч туудуруп, куралдуу күчтөрүн чек араларга жакын жайгаштырып жаткан. Мындай кырдаалда беймаралчылык өкүм сүрүп, өлкө тагдырына кайдигер кароо алдын-ала эле багынып берүүгө барабар болмок. Ушундан улам кең мекендин бардык аймагында күжүрмөн күрөш күч алып, эмгек майданында күндөп-түндөп кажарлуу аракеттер жүргүзүлүп жаткан. Өзгөчө согуштук техниканы өркүндөтүү, аскердик кадрларды учурдун талабына жараша даярдоо, чек араларды бекемдөө жана жаңы өндүрүш жайларын ишке киргизүү зор мааниге ээ болчу.

Албетте, бул иштер жаңыдан гана башталып олтурган эмес эле. Октябрь революциясын жасаган улуу эл пролетариат диктатурасын орнотуу үчүн кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечирбеди. Өлкөнү азырак аягына тургузуп алыш үчүн биз күнкор кейпин кийген Брест келишимин түзүүгө аргасыз болгонбуз. Аяк-башты жыя электе Антанта ар-тараптан ач бөрүдөй катылып кирип, бейпил элге бүлүк салып жатты. Ал аз келгенсип, Колчак, Юденич, Врангелдин бандалары өлкө ичинде кызыл кыргын салып, ачарчылык алсыраткан элди алааматка кабылтты. Ушундай мүшкүл да каарман элди мүңкүрөтпөй жеңишти сактап калуу үчүн ар-кандай курмандыкка баруудан баш тарттырбаган. Эрдик, эрк менен ажаандыгы ашынган жексурлар жексенделип, жаңы турмуштун жерпайы бекемделе берген.

Анын арымдуу жүрүшү эл жышырак жайгашкан борбордук райондордон гана байкалбастан алыскы түндүктө да, Ыраакы чыгышта да кеңири кулач жайган. Кулназар курбалдаштары менен бир айга жакын убакыттын ичинде араң жеткен ушул эле Комсомольс-на-Амуре шаары 1932-жылы советтик жаштардын демилгеси менен курулуп, мурдагы бирин-серин кепелери бар кыштак таанылгыстай болуп өзгөргөн эле. Анда кара металлургия, кеме куруу, машина куруу жана азык-түлүк өндүрүү боюнча ири ишканаларды түптөө жумуштары башталып жаткан. Мунун бардыгы келечекте куралдуу күчтөрүбүздүү керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз кылууга тартылмак.

Ошондон улам аскерге чакырылгандардын жаңы тобу кеме куруу жана авияциялык заводдун анда кызуу жүрүп жаткан иштерине чегерилген. Бирок, бул тоолуктар көнгөн кош айдоо, эгин оруп-жыйноо, мал багуу сыяктуу жумуштардан айырмаланып, атайын адистикти да талап кылган. Андыктан атайын ачылган курстарда бетонщик, арматурщик, жыгач усталык, электриктик кесиптерге даярдоо милдети алдыда турган. Кулназар Ыраакы Чыгыш аскер командованиесинин карамагындагы курулуш корпусунун 2-полкунун 4-ротасына бөлүнөт. Арийне, мында адистикти үйрөтүү менен жоокердин саясий аң-сезимий көтөрүүгө, дене-тарбия жагынан бакыбат болушуна жана Мекенге берилгендик духунда тарбияланышына зор көңүл бөлүнгөн.

Башка жааттардагыдай эле ал кезде аскердик кадрларга да каатчылык болуп, өзгөчө саясий жетекчилер жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койбогон. Мунун жүйөлүү себеттери бар эле. Анткени, кечээ эле караңгылык каптаган Россия империясынын калкы жапатырмак кат таанууга өткөнү менен али сабатсыздык толук жоюлуп бүтө элек кез. Анда азыркыдай аскердик адистерди даярдаган окуу жайларынан, академиялардан бири да жок. Кенже офицерлик составды, аскер техникасы боюнча адистерди атайын гана курстарда даярдоого туура келген. Ошондон улам билим деңгээли, саясий даярдыгы жана дүйнөгө көз карашы жагынан өз курбалдаштарынан алда канча өйдө турган Кулназар даярдык иштериндеги өксүктөргө кайдигер карабай кээде маселени кырынан коюп, командирлердин карбаластаткан суроолорду берет. Анда көч баштачу көрөңгөнүн барлыгын байкаган жоокер жолдоштору да, полктун жетекчилери да ызаттоо менен мамиле жасап калышат. Көп өтпөй эле аны ротанын партиялык уюмунун катчысы кылып шайлашат. Белгилей кетчү жагдай-аскердик бөлүктөр эч качан бир улуттун өкүлдөрүнөн гана турган эмес. Аларды чыныгы интернационализм духунда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай тарбиялоо өтө жооптуу иш болгон. Мында курулай үндөө, чакырык менен майнап чыкпасын жакшы түшүнгөн Кулназар ар бир жоокердин жүрөгүнө ачкыч таап, анын адамдык беделин сыйлоо жана ар-намысын ойготуу аркылуу ийгиликке жетүүгө аракеттенген. Бул максатта ал кимдин кайсы улуттун өкүлү экендигине жана ал элдин сыймыктана туу туткан кандай асыл мурастары, дөөлөттөру бар экендигине маани берген. Буга бир эле мисал, ал саясий жетекчи кезинде Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин баш катчысы болуп турган эл акыны А. Токомбаевге кат аркылуу кайрылып\орус тилинде\, калемгерлердин жоокерлерди мекенди сүйүүгө, ага канын-жанын аябай кызмат кылууга үндөгөн жана эрдиктерге шыктандырган жаңы чыгармаларды жаратуусун каалоо менен тыгыз байланышта болуу тилегин билдирген. Бул катты алгандыгын жана архивинде сакталуу да экендигин залкар акын көзү тирүү кезинде айткандыгын да эске салмакчыбыз…

Жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын арттыруу жаатындагы алгылыктуу аракеттери текке кетпей ал саясий жетекчи болгон рота полк боюнча бардык көрсөткүчтөрү жагынан озуп чыгат. Кулназардын уюштуруучулук жөндөмүнө, өз милдетин өтө жоопкерчилик менен аткаргандыгына жогору баа берүү менен командачылык аны полктун саясий жетекчисинин жардамчылыгына дайындайт. Жаш коммунист мындай ишенимге жекече аракеттеринин аркасында жетишкендиги кадиксиз. Ошону менен ал өз беделин көтөрбөстөн жердештерине карата башкалардын мамиле, көз карашын өзгөртүүгө да жетишкен. Аны менен ала-тоолук каруулаштары сыймыктанышкан. Алардын ичинен татыктууларын дайыма партиянын катарына өткөрүүгө кам көрүп, өзү шефкке алган.

Ал 1939-жылдан 1941-жылдын июнь айына чейин Ыраакы Чыгыш фронтунун өзгөчө курулуш корпусунун 2-полкунда аткыч, андан соң аткыч-минометчик катары кызмат өтөгөн соң 15-Армиянын кенже лейтенанттарды даярдоо курсуна жиберилип, аны ийгиликтүү аяктайт. Башынан тырышчактык, намыскөйлүк мүнөздүү Куршабдын кулуну кай жерде болбосун өзүн эң мыкты жагынан көрсөтүүгө жетишип, камчы салдырбаган.

Ошол учурда акын Жоомарт: «Ааламдын жүзүн өрт чалып, кара жалын каптады» деп жазгандай фашисттик баскынчылар тынчтык жөнүндөгү келишимди кыянатчылык менен бузушуп, түн жамынган каракчыдай Мекенибизге капыстан кол салып кирип келди. Гитлердин түзгөн “ Барбарос» планы боюнча «блицкриг» чабуулу менен өлкөнү 1-2 айдын ичинде бүтүндөй басып алып, советтик куралдуу күчтөрдүү тып-тыйпыл кылмак жана жарандарыбызды кулга айлантмак. Бул ашынган жырткычтык кылмышты ишке ашырууда Венгрия, Италия, Румыния жана Финляндия фашисттик Германиянын союздаштары болушкан. Согуш башталар алдында душман СССРдин чек арасына такай 5,5 млн. аскерин, 3700 танкасын, 5000 самолетун жайгаштырган болчу. Ал эми Советтик Армиянын аларга каршылык көрсөтчү 2,9 млн. аскери, 1800 оор жана орто танкасы, жаңы конструкциядагы 1540 самолету гана даярдалган эле.

Ушул фактылардан көрүнгөндөй фашисттик куралдуу күчтөр бардык жагынан дээрлик биздикинен эки эсеге артыкчылык кылган. Текеберлиги жана ажаандыгы ашынган Гитлер шаар, кыштактарыбызды ойрон кылып, анда жашаган жазыксыз жарандарыбызды үй-жайы менен күлгө айлантмакчы болгон. Бирок, ал кандуу кармашта тагдырды чечүүчү башкы факторго –советтик элдин биримдигине, болоттон бек достугуна маани берген эмес экен. Капыстан кол салуу менен чак-чалекей түшүрүп, Уралга чейин кара кыяндай каптап өтмөкчү болгон анын арам ою ишке ашпастыгын Брест чебин коргоочулардын айыгышкан каршылыгы эле айгинелеген. Бул чептин эр жүрөк жоокерлери күчтүн тең эместигине, курал-жарактын жетишсиздигине карабай кара таандай каптаган душманга багынып берген эмес. Фашисттер бир айдан ашык убакыт бою алалбаган чептин коргоочулары чыныгы баатырлыктын үлгүсүн көрсөтүшкөн жана эң акыры минутага чейин салгылашып, курман болушкан.

Дал ушундай алаамат башталып, кызыл кан кыяндай агып, адам жайрап, калаалар кыйрап жатканда кимдин каны кайнабай коймок?! Кулназар сыяктуу адистик алып калган, атайын даярдыгы бар катардагы жоокерлер эмес, орто мектепти жаңыдан эле бүткөн улан-кыздарыбыз Ата мекенди коргоп, азезилдей жутунуп келаткан көркоо душманга каршы аттанганы аскер комисариаттарына агылып келип жатышпадыбы! Арийне, алардын көбүнүн жашы 18ге толуп да толо элек болчу. Ал эми баралына келип, бакандай күч берчү азаматтар биринчи кезекте аскерге чакырылышты. Мында учкун алды болуп, Кулназардын агалары Маматалы менен Мураталы канкорлор менен кандуу кармашка аттанат. Жетиден калган үч чүрпөсүнүн аягына туруп, адам катарына кошулганына каниет кылып, Жаратканга ичинен ыраазычылыгын миң кайталап жүргөн Гүлкан апанын башына кандай кайгыны үйгөндүгүн айтуу кажетсиз. Алардын бири алыскы Чыгышта, каралдысынын экөөсү эми Батыштагы кандуу казатка аттанып жатат. Эрезеге жетип, эл көзүнө көрүнүп, эми убайын берер уулдарынан айрылган эне тамында мүңкүрөп жалгыз калбадыбы. Аларга Эгем кандай тагдырды жазгандыгы ба белгисиз. Казактын белгилүү акыны Кадыр Мырзалиев дал ушундай армандуу, аянычтуу аялзатынын абалын мындайча чагылдырган:

Кум астында, суу астында бир каалаң,

Тарых биздин көп табышмак, шыргалаң.

Шүгүр дедиң жоодон кийин койңуңда,

Аман калса, он балаңдан бир балаң!…

Ошо он баладан бири жок, атүгүл эртели-кеч эркелетип, эңсесин кандырыр неберелерин көрө электе согуш деген атың өчкүр түлөктөрүн өз айлампасына тартып албадыбы. Кайриет, эненен уулдары коен жүрөктүк кылып, коңулга башын катпай азаматтык парзын өтөп, Ата мекендин азезилден коргогону кетишти. Мындай үй-бүлөлөр бүткүл өлкө боюнча бирди-жарым эмес эле. Ал эми Батышта болсо, миллиондогон калкы бар калаалардын да күлү сапырылып, андагы тургундар укум-тукуму менен жексенделип жатпады беле.

Ушул тушта Кулназар да айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан Батыш фронтуна жиберүү өтүнчү жазылган рапортун аскер башчыларына берген эле. Бирок ага япондук милитаристтер колтубугуздан коркунуч туудуруп, бүгүн-эртең эле кол салганы турганын эске алуу менен чек араны огобетер чыңдап, күжүрмөн даярдыкты күчөтүү башкы милдет болуп тургандыгына байланыштуу сиз өз постуңузда керексиз деген жоопту алган. Аскер тартиби ошондой- буйрукка каяша келтирүүгө болбойт…

Кулназар аганын өмүрүндө эки арманы болгон. Анын бири-ошо эл башына оор мүшкүл түшкөн кезенде да үй-бүлөнүн аскерге жарактуу мүчөлөрү мобилизацияланып жатканда кары-картаңдардын кашында караан болушу үчүн бирин калтыруу каралган. Мунун астарында кыязы тукум бүтүндөй курут болуп кетпесин деген саясат да жаткан окшойт. Ошонтсе да мындай законго таянып, Кулназар аскер комиссариатына кайрылган эмес. Анда балким алаамат алоосунда дарек-дайыны билинбей кеткен агасы Мураталы энесине каралашып, аман калат беле…

Экинчи арманы, согуштан эки бутун жоготуп келген агасы Маматалыдан да айрылып, бир туугундан бирөө жок жалгыз калгандагысы. Элде: «Бир кем дүйнө» деп айтылыт. Пенде дегениң акыл-эси болсо, байлыкка да, бийликке да тунган кезинде, же башына иш түшүп, кыйын-кысталыш күндө жакын адамынын жанында болушун тилейт эмеспи. Кулназардын зоболосу өсүп, даңкы элине угулуп, дүйнөсү түгөл сыяктанган кезинде ага эки бир туугуны гана жетишпей турган. Арийне, бул көрүнгөнгө айтыла бербеген сыр эле…

Баса, Маматалы агасынын башынан кечиргендерин баяндап олтурсак, андан А. Мересьев сыяктуу эле бир каармандын чыгары күмөн санатпайт. Ал аскерге чакырылары менен эле айыгышкан салгалашуулар жүрүп жаткан фронттун алдыңкы чегине жөнөтүлгөн. Ар-намысы үчүн Ала-Тоолук жигит касташкан жоодон тайманбай чабуул, кармаштарда чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүүгө аракеттенген. Анүстүнө бир тууган иниси Советтик Армиянын офицери болгондуктан анын атына акарат сөз тийгизбөөгө, Ташиевдердин туусун бийик кармоого милдеттүүмүн деп эсептеген. Ошондой кайрымсыз кагылыштардын биринде ага капыстан ок жаңылып, жарадар болот. Госпиталда бир жарым ай дарыланган соң аны ден соолугун калыбына келтиргени айылына жиберишет. Бирок, ал сакайгандан кийин кайрадан медкомиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш болгон.

Туулуп- өскөн айылынын абасы, аздектеген апасынын колунан жасалган аруу даам дабага айланып, Маматалынын жараты бат эле айыгат. Кубанычы койнуна батпаган эне эртеңкини да ойлонуп, ушул учурда уулун үйлөп коюну чечет. Кайнакай Гулкан апа кандай болот, кандай жок — эгерде медер туткан туну кайрадан кан майданга аттанса, артында туяк калса деген аруу ниет, үзүлбөгөн үмүттө болгон чыгар, Анда айылдагы кыздар да кылкылдап жетилип калган эмес беле. Эр азамат дегенден чоң калаалар эмес, элет жери да кол жууп калган кез. Бийкечтерди чекесинен чертип ал.

Энесинин жактырган кызы уулунун да көңулүнө толуп, жакшы ниет-жарым ырыс деп айтылгандай кечиктирилбей эле келин үйгө түшөт. Ушундай кубанычтуу күндү көрсөм деп көксөгөн эненин тилеги кабыл болуп, колдон келген той-топурун өткөрөт. Эки жаш баш кошкондон үч күн аттабай Маматалынын артынан медкомиссияга чакыруу кагазы келет. Эми аны менен коштошуу күйүтүн эңе менен жаңы гана бүлө катарына кирген жаш колуктусу да тартып калат. Жоокердин өмүрүндөгү эң маанилүү окуя жөнүндө аскеркомдогулар билбеди, же ал өзү ооз ачкан эмеспи-айтор, айт-буйтка келтирбей эле фронтко жөнөтүлөт…

Ташиев фронттогу достору менен.

Кайран жигит кандай каргашага кабыларын анда кайдан билсин. Кайрадан туулган жери менен коштошуп, өрт-жалын алоолонуп, жер күйүп жаткан кан майданга аттанат. Бул учурда душмандын мизи кайтарылып, күч биздикилер тарапка оой баштаган. Анткен менен жаралуу жырткычтай жаалданган фашисттер СССРди багынтуудан үмүттөрүн үзүшкөн эмес. Ал эми алгачкы жеңиштерге шыктанган биздин эр жүрөк жоокерлер кашык каны калгыча салгылашып, Ата мекенге азаттык алып келүү үчүн жандарын аяшпаган. Мына ошол кызыл кыргын аралаган кыраандардын ичинде Маматалы да катардан калбай жүргөн. Андагы алааматта аталардын, агалардын тарткан азап-тозоктордун сөз менен айтып берүүгө эч кимдин кудурети жетпейт…

Чыкыроон, көөдөй түн жана да бурганак буюктурган фронттук жолдор. Жаалданган каршылык көрсөтүүсүнө карабай таш-талканы чыгып жаткан душмандын колу улам артка чегинүүгө аргасыз. Баскынчылардан бошотулбаган элдер да, жерлер да алдыдагы уч-кыйырсыз мейкиндикте, же Батыш тарапта жатат. Ал үчүн али да канча миллион айыпсыз адамдардын каны төгүлүшү керек, азаптуу жолдор басылышы керек. Азыр мына кыйраган кыштак четинде адамдык жылуу мээрдин коломтосу. Бир караганда бул чоочун. Бирок чоочунбу? Деги эле чоочун бүлө менен өзүңдүкүн бөлгөн араны таап болмокпу. Жоокерлер жер кепеге дарбый кирип, аң-таң болгон энеге:- Амансызбы, апаке! — деп эле чалгыдан чабылгандай чырм эткени сулап калышат.

Ал эми ойгонушканда көп учурда үстү-башына эски-уску бирдеме жабылып, чулгоолору жуулуп, кургатылганын, анан да эненин мээримдүү үнүн угушкан. Ошондо жашоо ажайып көрүнүп, күч-кубат кошулгандай болгон. Кайрадан катаал жол, кан майдан. Ар бир жоокер өз энеси менен коштошкондой: — Ыракмат, энеке! Кайрадан көрүшкөнчө! — деп астейдилден айткан. Фронттук арпалыштын алгачкы күндөрүнөн баштап, позициядан позицияга, бөлүктөн бөлүккө өтүп жүргөндө да жоокерлер энелик мээрим, камкордукту туюп турушкан. Буга тылдан белек катары барган мээлей, малакай, моюн орогуч, токулган байпак, тамеки баштык сыяктуу буюмдар да кайнакай кирчү.

Убайын, урматын көрүп, бейпил күндөрдө бейарман өмүр сүрсөм деген Гүлкан апа үч уулун тең кандуу казатка аттантып, каңырыгы түтөп калса да күн тыным, түн уйку билбей колхоздун кара жумушунда. Ал өзүнүн жан үрөп кылган ак иши менен биздин жеңишке өз үлүшүмдү кошсом деген аруу максатта болгон. Өзү өп-чап жашап жаткан жалгыз бой аял керели-кечке кетмен чаап, же орок чалсада түнкүсүн фронт үчүн бирдеме даярдачу. Анан да ошол өрт-жалын кечип жүргөн кулундарына Куршабдын ырыскысы кубат берсин дегендей курут, жаңгак, өрүгүнөн түйүнчөктөрдү жөнөтчү.

Биздин аялдар! Алар жашоо-тиричилик биротоло бүткөнсүп өрт чалып жаткан жерде да байсал жаратып, үмүттүн отун тутантышкан. Алар фронтто да, медсанбатта да, алдыңкы чекте да катарда болушкан. Үмүттөрүн үзбөй алыскы тылда жакындарын арзып күтүшкөн. Жоокер өз үйү жөнүндөгү изги ою менен жашаган. Сүйүү, ишенич жана үмүт аны шыктандырып, жеңишке жеткирген. Арийне, мунун баарынын астарында эненин ак сүтүн актасам, анын алдында жүзүм жарык болсо деген улуу сезим жаткан. Ушундай улам өз учурунун даңктуу жазуучу М. Горький: “ Дүйнөдөгү сыймыктын баары энелерден. Куяшсыз гүлдөр ачылбайт. Махабатсыз бакыт жок, аялзатсыз сүйүү жок. Энесиз акын да жок, баатыр да жок!» деп бекеринен айтпаса керек. Айтор, сагыныч саргартып, кусалык курутса да кайрат-деминен жазбай, жакшылыктан үмүт үзбөй жашаган Гүлкан эненин образы Толгонайдыкы менен бирдей эле жана өзүнчө эле бир дастан жазууга татыктуу экендигине күмөн саноого болбойт./Ал кишинин ажайып бейнесинен сүртүмдөр аңгемебиздин айрым жерлеринде чагыларын айта кетели/.

Маматалы кайрадан катарына кошулган аскердик бөлүк айыгышкан салгылаштар менен улам алдыга илгерилеп жаткан. Түтүндөн туманданып, күйүк жыттанган күзгү талаа. Ок-снаряд тийип оңурайбаган жер жок. Бомба түшкөн жерлер өзүнчө эле орго айлангандай. Мында коргонуп жаткан канча жалоондой жарандын бедени барчаланып, сөөгү сөпөт болбоду. Анткени бирде биздикилер чабуулга өтүп, бирде душман жанталаша жапырап кирип, жер астын-үстүн түшүп жатканда канча азамат топурак менен жуурулушуп, заматта күмжам болуп кетишпеди. Аларды дарексиз жоголгон деп эсептешип, кара кагаз деген калабалуу кабарды да жиберишкен. Мындай күдүк күпүрдөн соң өлүк-тириги белгисиз жоокердин душман колдуу болдубу деген шек-шыбаа да туулбай койбогон. Андан көрө эки аяк, эки колдон, же эки көздөн ажырап келген артыгыраак көрүнгөн. Атаганат, Ата менен үчүн кан-жанды арноо дегендин чен-өлчөмү ушундай болгон турбайбы. Биздин жеңилбегендигибизди бир себеби да ушунда жаткансыйт…

Биздин тарап душман ээлеп жаткан пунктту бошотуш үчүн чабуулга өткөнү артилериялык даярдыкты баштаган эле. Дал ушуну эле күтүп тургандай фашисттер да ар кыл куралдардан күпүлдөтө ок жаадырып, бомба жүктөлгөн учактарын шукшурултат. Жарылуулардан абада алай-дүлөй жүрүп, көк түтүн менен тозоңдон күндүн бети көрүнбөй калат. Согуштук техника жагынан колдоо алган биздин бөлүктөгүлөр: «Родина үчүн! Сталин үчүн!» деген ураан менен жапырт чабуулга кирет. Адаттагыдай эле жоокерлердин алдыңкы сабында бараткан Маматалы көктү карай бир серпилгенин билет…

Ал көзүн ачканда талаа госпиталында жаткан эле. Буттары мултуйта таңылып, ага дененин жарымы жоктой сезилет. Көрсө, чуркап баратканда душман жашырган мина жарылып, эки бутту кыйып кеткен экен. Бул кордукка кантип чыдаарын билбей ал өксүп ыйлагысы келди «эми адам катарынан чыккандыгым ушул» деди. Бул абалында ал өмүрүнөн да кечүүгө кайыл эле. Анын ызага батканын туюп турган ак чач врач, акырын маңдайын сылап:-Эй тоо барчыны, багың бар экен, дагы аман калып олтурбайсыңбы! Сенин катарыңдагылардын канчасы жайрап, асыл өмүрүнөн айрылды. Кудайды алка, көрөр күнүң, ичер сууң бар экен. Буюрса бутуңа туруп, эли-журтуңду көрөсүң, — деп жооткотот. Бирок, мүрү түшкөн кыраандай козголор алы жок жигит тагдырдын бул өкүмү менен келишкиси келбейт, өз ичинен «элден кем саналып, көргөн күнүн да курусун» дейт. Мындай беймаза ойлор мыжыгып, ал Чыгыш фронтундагы иниси Кулназарга бүт арман-азиретин ортого салган жана жүрөк каны, көз жашынан чыланып жазылган катын жөнөтөт. Анда ал ымандай сырын ортого салып, ушу көйдө туулган жерге барганымча дарек-дайнымды билгизбей четте эле калганым артык деп чечкендигин билдирет. Албетте, бул жигиттик ар-намыстан улам жаралган ачуу чаңырык болгон…

Турмушта азырга чейин сырларын ачууга илимдин да күчү жетпеген таң каларлык табышмактуу окуялар көп. Айрыкча бул ар кандай окуядан аян берген түшкө байланыштуу. Агасы айыгышкан салгылашта кош бутунан ажыраган күнү Кулназар да жоболондуу бир түш көрөт. Анда Маматалы алдындагы ак аргымагын алкынта чаап баратып, боз чаңгыл туманга кире бергенде ат мүдүрүлүп барып жыгылат да чабендеси оңко-чоңкосунан барып түшөт. Бул эмне болучу деп өзүнчө түпөйүл болуп, Кулназар түнү менен түйшүк тартат. Анан бир нече күндөн кийин агасынын жанагы катын алат.

Албетте, мындайда карып адамда кайрат-дем жараткан, үмүттүн отун жандырган жана эртеңкисине ишенимдүү караткан сыйкырга тете жоопту жазыш керек эле. Саясий жетекчи катары ал жоокерлерде оптимисттик маанай жараткан жалындуу сөздөрдү сүйлөп, такшалып калган эле да. Ал:-советтик адам катаал сыноолордо калтаарыбайт. Анын Родинасынын тарыхы ал сыймыктанар сансыз эрдиктерди эсине тутат. Анткени, биздин ата-бабалар эч качан өз эрки менен башын да, үй-бүлөсүн да, жерин да чет элдик баскынчылардын эзүүсүнө бербеген жана буга макул болбогон. Ал Чыгыш өкүмдарлары Чынгыз, Батый жана Мамайга каршы күрөшүн тынымсыз жүргүзгөн. Акыры Алтын Ордонун кыйрашына жетишкен. Чуд көлүндө немецтик рычарь-желдеттердин ойронун чыгарган. Биздин ыйык жерге көз артып келген каракчылардын кандайы болбосун катыгын жеп, талпагы ташка жайылган. Полтава алдында Карлдын шведдик «жеңилбес» полктору кыйратылган. Москвага чейин жутунуп келген Наполеондун көркоо колу да акыры сайда саны калып, кыйратылган.

Биз эске түшүрчү жана сыймыктанчу тарыхий окуяларыбыз арбын! Биз элибиздин өчүккөн пирсиздери-сатылган жана калпычы жалдап жазмакерлери акылман, кайратман жана эркин элибиз жөнүндө не деген ушак-айыңдарды чубашпайт. Гитлерчилер жалаачыл, карасанатай апсаналарды көбүртүп-жабыртуу менен өз желдеттерин бизге тукуруп, элибизге бүлүк салып кирди. Фашисттик жалаалардан биздин кылыбыз кыйшайган жок, андан биз коркпойбуз!

Биз согуштук катаал сыноолордон калтаарыбайбыз, өз мезгилинде алардын далайын баштан кечирген даңктуу элибизди майыштырууга болбойт. Буга Петрдун, Суворовдун, Кутузовдун дүйнөнү дүңгүрөткөн эрдиктери күбө. Муну бүгүн биз көрүп жаткан жеңиштерибиз айгинелеп жаткан жокпу? Биз өз мекендештерибиздин тарыхты таң калтырган эрдиктери менен өз Ата мекенин жексур душмандан бошотуп, андан ары Европанын элдерин да азаттыка чыгаруу миссияны аткарууга бекем ишеничте экендигин көрүп жатпайбызбы. Арийне, бул үчүн дагы канча катаал кармаштарга түшүп, канча асыл адамдарыбыздан айрылууга туура келет. Бирок, биздин ишибиз адилет. Жеңиш биздики болот! Жеңиш үчүн эбегейсиз эрдиктерди көрсөткөндөр да, Ата мекен алдында антын өтөп, кан-жанын бергендер жана курман болгондор да даңкка бөлүнүп, элибиздин урмат-сыйына татыйт! -деп айтчу.

Дал ушул идеялар астарында жаткан өз катын агасынын жеңил ойго жетеленип, калпыс кадамдарды жасабоосун өтүнгөн саптар менен аяктаган. Ал сенин алтын башыңдан аман калгандыгы баарынан артык, ал эми согуш майыптарына карата аздек мамиле, камкордук дайыма өкмөт менен партиянын көңүлүнүн борборунда болот деп ишендирген. Арийне, мындай моралдык колдоо, болгондо да өзү фронтто жүргөн эң жакын адамыңдан болсо, эркти чыңап, жаман ойлордон арылтары бышык эле. Ошол эле мезгилде Кулназар майыптын бир тууганы, аскердик саясий жетекчи катары Маматалы кызмат өткөн бөлүктүн командирине аны эптеп туулган жерине жеткирүүгө көмөктөшүүсүн, кароосуз калтырбоосун өтүнгөн атайын кат менен да кайрылган. Бул дагы өз таасирин тийгизбей койбогон чыгар-буттун башындагы жараттар бүтүп калганда Маматалыны атайын бир медсестра коштоп, өлкөнүн экинчи четинен атайын айылына алып кетет. Мына ошол жароокер шыпагер бийкеч тапшырылган адамы аягына туруп, саптама буттары менен басканга чейин таштап кеткен эмес. Албетте, «жаңы буттар» менен басууга машыгуу, көнүгүү оңойго турбагандыгын саймедирөө кажетсиз. Бирок, ушундай эле Маматалыда баягы Кулназардын катындагы «өлкө өз каармандарын кароосуз калтырбайт жана камкордукка алат» дегенинде эч калет жоктугуна дагы бир жолу көзү жетет…

Ал эми экинчи агасы Мураталыдан кат-кабар келбей кай жерде көмүлүп калгандыгы дарексиздиги бул үй-бүлөдөгүлөрдүн өмүр бою арылбас арманы, өзөк өрттөгөн өкүнчү болду. Бирок, анын көзүн тирүү көрсөтөрбү деген үмүт Гүлкан апада да, Маматалы да, согуштан алты саны аман кайтып келген Кулназар да эч качан үзүлгөн эмес. Азырынча тагдырдын ушунусуна да каниет кылып, эне менен келини Мария майып жоокердин үстүнө үйрүлүп түшүп, уядагы балапандай эле бапестеп багуунун камында болушту. Бул учурда Советтик Армия өзүнүн жеңиштүү жүрүшүн күчөтүп, Европанын калктарын фашисттик кара чумадан куткаруу вазипасын ийгиликтүү ишке ашырып жаткан.

Жеңишке жетерибизден эч ким күмөн санабай калганы менен Гитлердин өзүндөй өнөктөштөрү өлөрмандана каршылык көрсөтүп, дале арам ойлорунан тайгысы келбей жанталашууда эле. Жети баштуу желмогуздардын акыркысы Япон милитаристтери өздөрүнүн агрессивдик аракеттеринен баш тартмак турсун баягысындай эле Чыгыштагы өлкөлөргө коркунуч туудуруп, кол салып турду. Ал 1931-жылы Манчжурияны оккупациялап, 1937-жылы болсо бүткүл Кытайды басып алуу үчүн согуш баштаган. Мындан кийин Совет жана Монгол чек араларында бир канча провокацияларды жасап, дамайым тиешелүү сокку алып турган. Буга япондук жексурлардын Хасан көлүндөгү /1938/, жана Халхин-Гол дарыясынын боюндагы /1939/ талкаланышы советтик куралдуу күчтөрдүн тарыхындагы даңктуу барактардан болуп калган. Япондук милитаристтер ошого да карабастан бирде тигил, бирде бул өлкөгө доорук салып, көбүн баш ийдирип алган. Бирок, анын ишенген кожосу фашисттик Германиянын күнү бата баштаганда Чыгышта да боштондук үчүн күрөш күчөп, бир катар өлкөлөр япондук эзүүдөн кутулууга да жетишкен.

18+

Книга предназначена
для читателей старше 18 лет

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.