16+
Бейиш-Эненин таман алды…

Объем: 96 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее


Ата — Эне

Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң — чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, апаң — тай атаң менен тай энеңдин кызы. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эресеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт. Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы-капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Балага ата менен энеден жакын адам болобу? Ата-энелердин бала үчүн кылган эбегейсиз зор эмгегин эмне менен өлчөөгө болот? Сенин баскан-турганың, ар бир жакшы кылык-жоругуң, ата-эненин жүрөгүн элжиретип кубанычка бөлөйт. Мектептен алып келген төрт же беш деген баа атаң менен энеңдин төбөсүн көккө жеткире кубандырарын унутпа. Тескерисинче, кетирген кемчиликтериң, окууга, ишке болгон эринчээктигиң, шалакылыгың, ата-энеңди капалантып, сары санаага түшүрөрүң да дайыма эсиңде болсун. Сен алардын эмгегин сыйла, урматта! Бош убагыңда колдон келишинче үй жумушуна жардам бер. Ата-энең менен сыймыктан!
Адамгерчилик, ак ниеттүүлүк, эмгекти сүйүүнү да негизинен ата-энеңден үйрөнөсүң. Силерден улуулардын көргөн-билгендери көп, тажрыйбасы бай. Ошондуктан алардын жаштарга, өз балдарына айтар кеп-кеңеши, үйрөтөр өнөрү да арбын. Айрыкча алар картайган кезде жакшы каралаш, кейитпе, көңүлүн көтөрүп, кубант, ден соолугун сакта. Улууга — урмат, кичүүгө ызаат деп айтылат кыргыз элинин макалында, өзүңдөн улууларды сыйлабасаң, өзүңөн кичүүлөр да сени сыйлабайт.

БЕЙИШ — ЭНЕНИН ТАМАН АЛДЫНДА

Байыртан эле кыргыз элибиз көркөм сөз өнөрүнө бай келет эмеспи. Алар илим-билимден түшүнүгү жок, тунжураган караңгылыктан шоола издеп жүргөн мезгилде эле ырларды, обондорду жаратып, чексиз бай оозеки адабиятты түзүп келишкени белгилүү. Алардын ичинен макал-лакаптар элибиздин дүйнөгө болгон көз карашынын, кыял-жоруктарынын, салт-санаасынын, турмуш тиричилигинин «жазылбаган» тарыхы болуп эсептелет.

Кыргыз эли ар бир айтылган сөздү, ар бир аткарылган ишти өз орду менен, өз баркы менен баалап, кадырлап, сыйлап келишкен жана ага карата макалдарды, учкул сөздөрдү, накыл кептерди чыгарышкан. Мисалы, «Мекен» деген сөздү алып карай турган болсок, ал тууралуу канчалаган макал-лакаптар, учкул сөздөр бар. Алардын ар бирин окуп отурсаң өзүнөн-өзү мекенге болгон сүйүү сезими күчөп, патриоттук сезим ойгонот. Ал эми «тил» тууралуу макалдардан, тилдин баалуулугун, ыйыктыгын, улуулугун, урматтап-сыйлообуз керектигин, ал биздин көрөңгөбүз, казынабыз экендигин түшүнөсүң. Мындан тышкары ата-эне, сүйүү, жаратылыш, эмгек, ынтымак, достук, береке, үй-бүлө, өмүрлүк жар, жаныбарлар, кыздардын, уулдардын тарбиясы тууралуу, деги койчу ар биринин өз-өзүнчө сырын, маанисин, маңызын ачып, улуулугун даңктаган макалдар элибизде өтө арбын. Мына ушундай улуу макалдардын бири — «Бейиш — эненин таман алдында».

Бейиш деген эмне? Бейиш деген сөздү укканда эле ар бирибиздин көз алдыбызга жапжашыл түскө боелгон кооз жерлер, түркүн-түстүү дарактар, мына-мына өзү эле оозуңа келип түшүп калчудай болгон, мөлтүрөп бышкан мөмө-жемиштер, кооз үйлөр, арууланган, тазаланган адамдар жана башка эң бир керемет асылдыктар, түркүн-түрлүү тамактар кыскасы жомоктогудай жашоону элестетебиз. Бейиш — бул түбөлүк бактылуу жашоо, жалган жашоону артта калтырып, чыныгы жашоо. Мына ушул чыныгы бактылуу жашоо — энелерибиздин таман алдында. Албетте, «кантип ушундай болсун?» — деген ой бир кылт этип өтөт.

«Эне» — деген ким? «Эне» деген 3 тамгадан турган сөз өзүнө канчалаган кереметти камтып турат. Эне — бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык асыл зат.

Ал — үй-бүлөнүн куту, жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, айтор, бардык жакшылыкты өзүнө камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнөсү назик жан. Энени урматтап сыйлай билүү — биздин ыйык милдет.

Тогуз ай курсагында көтөрүп, тогуз толгонуп, бизди жарык дүйнөгө алып келген күндөн баштап жаныбыздан карыш жылбай, Кудайдан өмүрүбүздүн узун, ден-соолугубуздун чың, келечегибиздин кең, ыйманыбыздын бар болушун, акылыбызды, адамгерчилигибизди тилеп сураган жан — ошол биздин энебиз. Эне деген өтө сезимтал жан тура. Ал баарын көрбөсө да, жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат. Ал балдары үчүн бул жашоонун ысыгына да, суугуна да чыдап, тагдырдын ар кандай ташкынына каршы туруп, аны түшүнүп, балдарына таалим-тарбия берип, акыл-насаат айтып, ар дайым туура жолду тандоого аракет кылат. Анткени, баланын эң биринчи жол көрсөтүүчүсү, тарбиячысы — эне.

Улуу пайгамбарыбыз Мухаммедден (с.а.в.) бир адам: «Кимге жакшылык кылайын?» — деп сурайт экен. Анда пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Биринчи кезекте энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, андан кийин атаңа жакшылык кыл», — деп жооп кайтарат. Чындыгында эненин сүтүн эч качан актай албайбыз. Эненин сүтүн актоо үч жолу меккеге жөө көтөрүп барганга тете тура. Анткени, күнү-түнү уктабай, балдарын калкалап, эрезеге жеткирген ошол эмеспи.

Ырас, эне — ушунчалык мээримдүү, боорукер жан. Анын бүт ой-тилеги

баласында. Баласы үчүн жашап, өзү кийбегенди баласына кийгизип, өзү ичпегенди баласына ичирип, баласы ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруйт. Энелердин агарган чачынын ар бир талында балдарынын салымы бар. Алар балдары үчүн жанын кыюуга да даяр.

Чындыгында энелер балага болгон мээрими, жүрөгүнө толгон сүйүүсү, сезими менен өзгөчөлөнүп турушат. Адам баласы үчүн ата-эне айланасына жарык берип турган чырак сыяктуу. Ал чырак ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөсө, адамдык сапаты күндөн-күнгө өсөт.

Эне деген көзүнөн нур таамп турган мээримдүү инсанга бар күчүбүздү жумшап, аларды ыраазы кылып, бизди бул жарыкка алып келгендигине өкүнбөгүдөй кылып, тескерисинче биз менен сыймыктангыдай абалга жеткире алсак, аны ар дайым урматтап, кадырлап, сыйлап, кызмат көрсөтүп, бактылуу кыла алсак энелерибиз бизди бейиш жолуна алып барат, башкача айтканда, биз алардын ыраазычылыгы менен бейишке жолдомо алабыз.

Мен апамды эстеген, көргөн сайын бул макал да негедир эсиме түшүп, апакемди сыйлап жүрүшүм керек экенин эскертип турат. Анын көңүлүн алуунун жолун издеп, аны аз да болсо кубандырып, кубанычтуу нурун чачкан көздөрүн көргүм келет. Мына ушул көздөр, ушул жүздөр үчүн аны талыкпай бактылуу кылганга шашам. Анын кубанычтуу жүзүн көрүү дүйнөдөгү эң баалуу нерседей сезилет. Балким чын эле андан баалуу эч нерсе жоктур…

Энелер тууралуу макал-лакаптарды жүрөгүбүзгө сактап, көңүлүбүздөн чыгарбай, анын актуалдуулугун жоготпой өзүбүзгө девиз кылып, көкүрөккө бекем түйүп, дагы да көбөйтүп өркүндөтүү биздин милдет. Энелерибиз бул ааламда жайнап, нур чачып турганда аларга арналган жакшы сөздөр эч качан түгөнбөйт, айтыла берет.

Мен өзүмдүн башымдан өткөргөн бир окуяны айтып берейин. Бир күнү апам менен жарыбаган бир маселе боюнча тартыша кетип, таарынышып калдык. Мен акылсыздык кылып, өзүмдүн жасаган ишимди туура көрүп, бир күн кечке апама таарынып, сүйлөбөй жүрө бердим. Апам да үндөбөдү. Ошентип, эртеси күндөгүдөй сабакка жөнөп кете бердим. Эртең менен апама жакшы сөз айтмак түгүл саламдашпастан чыгып кеттим. Ошол күнү «сол капталымдан жаткансып», сабагымдан да жакшылыктуу баа ала албай, курбуларым менен да кер-мур айтыша кеттим. Бул болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баарына апамды күнөөлүү деп таап, ага нааразы болуп, сүйлөнүп кетип бара жатып кырсыкка учурадым. Бирок, Кудай сактап жараатым жеңил болду.

Бир убакта апкаарыган, шашылган, корккон абалда апам кирип келди да мени кучактап, Кудайга миң мерте шүгүрчүлүк айтып, жалынып жатты. Анын мени аяган мээримдүү жүзүн, жашка толгон нурдуу көздөрүн көрүп, жалынып-жалбарган сөздөрүн укканда уялганымдан, жасаган ишиме ушунчалык өкүнгөнүмдөн оозума сөз келип сүйлөй албай, көзүмдөн уяттын жашы токтоосуз куюлуп жатты. Байкуш апам кайра мага: «Балам, кайсы жериң ооруп жатат? Көп оорубадыбы? Апаң сенден айлансын, садага болоюн! Укканда жүрөгүм түшүп калбадыбы… Кудайга шүгүр, аман экенсиң…» — деп кайра-кайра жалынып жатты. Ошондо апама катуу сүйлөп, нааразы кылганым үчүн кудайдан эскертүү жазасын көргөнүмдү түшүндүм. Энебиз ыраазы болбой, нааразы болгон учурда бизге жакшылык болбосун, Кудайга жакпасын, андай кылган туура эмес экенин түшүндүм. Ошондон кийин апамды нааразы кылбаска, күчүмдүн баарын анын ыраазычылыгы үчүн жумшаганга өзүмө-өзүм сөз бердим. Демек, бардык бактылуулуктар, бакыт, сүйүү, ийгилик ж.б. толгон-токой жакшылыктар эненин ыраазычылыгынан башталат тура. А бул ыраазычылыкка жетүү үчүн энеге талбай кызмат көрсөтүүбүз зарыл экендигин билдим.

Таалим-тарбия, учкул сөздөр, макалдар жөн жерден эле чыгып жазыла бербейт. Алар өзүнө ар тараптуу, терең маанилүү тарбияны камтып турат. Биз ошол макалдар менен таалим алып, аларды түшүнүп, маанисин чечмелеп, ошого жараша аракет кылсак, албетте акыбети кайтат. Окуп, түшүнүп гана койбостон аларды турмушубузда пайдалана да билишибиз — учурдун талабы. Мына ошондо гана бактылуу жашоодо жашап, биз да татыктуу ата-эне боло алабыз деген ойдомун.

Апакем

Ак кептер учат сабалап.

Сагыныч жаман жаралап.

Апаке сени сагындым.

Кыйнады сезим жаралап.


Алыста жүрөм энеке.

Жарасам деп сага кереке.

Ак сүтүң менен чоңойтуң.

Унутпайм аны энеке.


Сенсиң менин таалайым.

Узун өмүр каалаймын.

Бак тилеп бизге келесиң.

Энеке сенсиң күн айым.


Карегим сенсиң асыраган.

Күн шоолаа мага жаркыраган.

Аман бол дайым ар качан.

Суум сенсиң жашоомдо шаркыраган.

Ата-энем

Силерсиңер бул жашоодо таянаарым.

Ачылган жарык шоола алган багым.

Канча мээрим көрсөттүңөр аябай.

Силерсиңер бул жалганда көргөн жаным.


Бактылуумун силер менен жашоодо.

Айып кылсам кечиргиле капыс бөөдө.

Кымбат тутам артык көрөм силерди,

Ырас айтам жакшы көрөм силерди,

Туткан тумар өзүңсүңөр жашоодо.


Эмгек кылып ырым арнап силерге.

Лирикадан белек кылдым эмгектене.

Музыкага жакын өскөн уул болбосом да.

Ийиле эмгек кылдым мен силерге.

Рас айтам болбосом да мыкты акын.

Арнадым ырларымды мен силерге.

Аял

Аял төрөп багып келди бешикте.

Бала ыйлап аял үнүн эшитсе.

Аялды жамандагандар оңбосун.

Болбосо эгер төрөлдүң беле эшикте.


Тирүүлүктө жан шериги эркектин.

Болот эмеспи шериги да челектин.

Сыңарындай аял эркек жупундаш.

Алар жары бул жалганда эркектин.


Бул ааламда жашоонун алар эшиги.

Тең эмес бириксе да эркектин сегизи.

Алар барда көңүл куунак баары шат.

Бул жашоонун жамачысы алар кемтиги.


Көр оокаттын кызыгы да аялдар.

Кыйналганда кошо эрчиген да аялдар.

Өйдөдө-өбөк ылдыйда-жөлөк болгон.

Бул жашоодо баары сенсиң аялдар.


Ичкилик

Мен бүгүн бир окуя жазайынчы.

Жалпыга окурманга айтайынчы.

Не бир түркүн тагдырлар бар жашоодо,

Ыр курап ыр менен сайрайынчы.


Бул окуяны капыстан кездештирдим.

Ыр курап бул жагын эптештирдим.

Ютуб деген балээ бар го билебиз.

Бул тармактан мен муну кездештирдим.


Адамдар болот туура ар түрлүү,

Ар башка ар кимиси ары түгү.

Бири аңкоо бири сараң кайыпкөр.

Болот туура тең эмес ар түрлүү.


Алыскы кыргыз эли айыл четинде.

Аксакал жашачуу жашы сексен экиде.

Кемпири беш жыл мурун кайтыш болгон.

Жалгыздыкта өмүр сүрчүү жалгыз эңсире.


Уулу бар достошкон арак менен.

Телегейи арак болсо дүйнө ага кенен.

Качан көрбө ылжыган күндө мас.

Көнүмүш адат ага күндө сеп эткен.


Иштеген иши көчөдө  тилемчилик.

Иштеген  иши жок  бекерчилик.

Тиленгени жүз граммга жетсе болду,

Кудайга ыраазы телегейи тегизчилик.


А атасы эптеп күндө күнүн көрөт.

Масында өз атасына атырылып сөгөт.

Пенсияңды бер, бере салчы эми.

Тоскон адамы жок тыяу салчуу бөгөт.


Болбосо убагында даарыгерликти окууган.

Арак деп бул шордуу өз ишинен куулган.

Мына минтип алкаш болду көчө тинткен.

Кутурма тийген иттей болду кутурган.


Кээсинде үйгө келип жаңжал салат.

Болуп калды кадимки көнүмүш адат.

Атасы баш чайкап кейип-кепчип.

Таяк менен кээде үйдөн кууп чыгат.


Ынсап берсин ар адамдын башына,

Тегиз айтам бириң эмес жалпыңа.

Достошпойлу касташалы туугандар,

Болсун ыраак болбосунчу жаныңда.


Адаштырып акылыңды жеп бүтөт,

Турганында пахмели деп сени күтөт.

Акылыбыздан адашпайлы туугандар.

Ичкенинде ит сыңары уулуп үрөт.


Азгырылып арака алдырбайлы,

Пендебиз го акыл калчап адашпайлы.

Ата-энени баш жерге биз каратып,

Наалат айткан уул болуп калбайлы.


Бүгүн ойлон эртең болот баары кеч.

Жолдон тарт түбү жаман аракеч.

Атакең алкыш уксун эл мактасын.

Боло көрбө аты жаман аракеч.


Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.